Лейлек районунун айылдарынын аял жолдоштору менен жолугушуу

Лейлек районунун айылдарынын аял жолдоштору менен жолугушуу

2022-жылдын 01 ноябрь күнү АРИСтин "Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо"кошумча каржылоо долбоорунун алкагында, жана гендерлик тенчиликти өнүктүрүү максатында, долбоордун гендер боюнча адиси Бактыгүл Жумаева, жана райондун эксперти Салимбеков Кенжебектин демилгеси менен, Лейлек районунун Арка, Жаштык, Достук, Борбордук айылдарынын аярлуу катмары болгон: аялдар менен жолугушуу болуп өттү. Чай үстүндө отуруп баарлашууда, долбоор тууралуу кыскача маалымат берилди, андан соң, аялдар чек арада жашоонун кыйынчылыктары, маселелери тууралуу кенен айтып беришти. Учурда, алар өздөрүнө жана балдарына психолог адистери керек болуп жатканы жөнүндө баса белгилешти. Анткени чек арадагы чыналуудан, чыр-чатактардан улам алар моралдык жактан жапа чеккенин айтып өтүштү. Ошол эле учурда, жашоолору кадимкидей уланып жаткандыгы тууралуу айтып, окуучуларга ар жума сайын ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгын бөлүшүштү, мисалы спорт оюндары, ар кандай музыкалык оюн-зооктор аркылуу, кыйын күндөрдү унутканга аракет кылдыруудабыз дешти мугалим эжекелер. Ошондой эле аталган, чек ара менен чектеш айылдарга кошумча жумуш ордуларын түзүү максатында, кондитердик цехтер керек экенин айтышты, анткени айылда күздүн күнү тойлор болуп жатканын айтып, дасторконго таттууларды сатып алууга алыскы шаарларга барып келебиз деп токтолду. Жолугушуу абдан позитивдүү, жылуу маанайда болуп өттү десек болот, ой-пикир, суроолорун ортого салып, АРИСке, долбоорго ыраазычылык билдиришти. Ушундай күндөрү бизден кабар алып, жакындан таанышып кеткенинерге ыраазычылык билдирээрин кошумчалап кетишти. www.aris.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=901:v-ramkakh-df-ppms-1-noyabrya-sostoyalas-vstrecha-s-zhitel-nitsami-prigranichnykh-sel-batkenskoj-oblasti-2&catid=8&lang=ru&Itemid=160

Points

www.aris.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=901:v-ramkakh-df-ppms-1-noyabrya-sostoyalas-vstrecha-s-zhitel-nitsami-prigranichnykh-sel-batkenskoj-oblasti-2&catid=8&lang=ru&Itemid=160

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information