Ийгилик-ак эмгек аркылуу жаралат!

Ийгилик-ак эмгек аркылуу жаралат!

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун 20-жылдык мааракесинин алдында, уюмда иштеген мыкты эксперт кыздар тууралуу макалаларды чагылдырып турууну туура деп таптык. Алгач эле, алыскы Баткен облусунда иш алып барган экспертибиз Гайыпова Буназарат Абабакировна тууралуу жайгаштыралы. Баткен Кыргызстандын эң алыскы облустарынын бири, өрүк зарлуу аймактан эмгекчил, шайыр, жоопкерчиликтүү кесиптештер эмгектенет. Буназарат айым буларга токтолду: -2019-жылдын май айында коомчулукту өнүктүрүү жана колдоо агенствосуна “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбооруна Баткен районуна боюнча эксперттик кызматка конкурс жарыяланып калды. Буга чейин мен билим берүү тармагында, жогорку окуу жайларында эмгектенип келгем. Ошол эле учурда Баткен шаардык кеңешинде депутат да болчумун. Баткен облусундагы шаарлардын, аймактардын социалдык-экономикалык жактан ар тараптуу өнүгүүсүнө кызыгып, аз болсо да элиме кызмат кылууну максат кылгам. Инвестиция тартуу аркылуу өлкөбүздүн социалдык-экономикалык инфратүзүмүнүн өнүгүүсүндө, жергиликтүү коомчулуктардын дараметин жогорулатууда АРИСтин салымы өзгөчө баа жеткис экендигин баса белгилөөгө болот. “Көктөн издегеним жерден табылып”, конкурстун жыйынтыгында АРИСке ишке алындым. Бир тармактан башка экинчи бир тармакка өтүү канчалык оор жана татаал болсо да тез аранын ичинде өздөштүрүп, кесиптештеримдин арасында кадыр-баркка ээ болдум. Аталган долбоор натыйжалуу аяктаган соң, конкурс менен ППМС CASA-1000 долбооруна кабыл алындым. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен облусунун Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунун бир топ айыл аймактарында социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө коомчулук менен иштеп, социалдык-экономикалык инфратүзүмдүн жакшыруусуна коомчулукту катыштыруу менен биргеликте иш алып барып, өз салымымды коштум. АРИСтин инвестицияны башкарууда коомчулукту тартып, ачык-айкындуулук, калыстык менен иш алып баруусуна көмөктөштүм. АРИСтен көптү үйрөндүм, өнүп-өсүп такшалдым. Бүгүнкү күнгө чейин элдин батасын алып, ыраазычылыгына ээ болгонум үчүн төбөм көккө жетет. Мен жасоочу иштер дагы да алдыда. “Ар бир ишти чын жүрөктөн, таза ниет менен жасаймын”, - деген девиз менен иш алып барамын. Мына кесиптештер, АРИСте үлгү ала тургудай айымдар эмгектенет, жана жаңы идеяларды ишке ашырып, элге, өзүнүн жерине пайдасын тийгизип, мекенине кызмат кылып келе жатышат.

Points

Учурда өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошкон аялдарыбыз арбын.Алардын бири биздин коллегабыз Бүназарат. Коллегабызга ийгилик каалайбыз.

Ишиңиздерге ийгилик!!!!!!!

Ийгиликтер көп болсун Буназарат эже!!!

Татыктуу эксперт, азыркы учурда Коуч, мен 100 % колдоймун эжей достойна !

Буназарат эжеке эн алгачкысы кесипкой, баштаган жумушун так жана таза жоопкерчиликтуу аракет менен аягына чыгарган чыгаан адис катары эсептеймин. Ары татаал, туйшуктуу жумушунда ийгиликтерди каалайм.

Татыктуу инсан! Ийгиликтер көп болсун, эже!!!

Эл үчүн талыкпаган эмгекгинизди ийгиликтер коштосун!!!

Ишине так, жоопкерчиликтүү мамиле кылып, коллективдин арасында кадыр баркка ээ. Назарат эжекебиз үлгүлүү инсан. Ишиңизди ийгиликтер коштосун!

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information