Жылдыз Суранчиева

Жылдыз Суранчиева

Саламатсыздарбы урматтуу АРИСтин жалпы кызматкерлери. Ысык Көл облусуна болгон тажрыйба алмашуу сапарында айылдарды өнүктүрүүгө кошкон чоң салымынарды көрө алдык. Коомчулуктун сиздерге болгон ыраазычылыктарына, сүйүнүчтөрүнө, кубанычтарына күбө болдук. Силердин эл үчүн жазаган ар бир эмгектеринердин артында канчалаган түйшүк бар экенин билем. Ошол түйшүктүү эмгегинердин үзүрүн көрүп, элдин батасын алып, эл алдында жузунор жарык болуп, жаркылдап күлүп,жайнап, элдин алкышына ээ болуп аман- эсен жүрө бергиле! Силерге дем, күч,кубат,талыкпай эл үчүн кызматынарды кылып, ден соолукта уй бүлөңөр менен жалпы коллективинер менен бар болгула! Силердин адресинерге жалаң гана жакшы сөздөр, жакшы каалоо тилектер гана курчап турсун.Ысык Кол облусуна болгон иш сапарыбыз байсалдуу, көңүлдүү болду. Баардыгыныздарды терең урматтоо менен Кум Дөбө айыл аймагынын Кара Тоо айылынын АКИАнын төрайымы Суранчиева Жылдыз Бердалиевна. Сиздердин арканыздар менен бизде да жакшы иштер болуп жатат. Биздин айылыбызда эски бала бакчабыз 65000 доллар грант утуп алып капиталдык ремонттон өтүп жатат. Буюрса жаркыраган жаңы бала бакчада баккан балдарыбыз жакшы тарбия алышып, келечекте мыкты инсандар чыгат деп ишенем. Мындай жаркыраган бала бакчада сыймыктанып иштеш гана керек. Ишиңерге ийгилик. Мен сени сүйөм АРИС

Points

Урматуу АРИСтин кызматкерилерине чоон ыраазычылык билдирем . Ысык-Кол облусуна болгон тажрыйба алмашуу сапарына барганда айылга кошкон салымдарын Оз козубуз менен коруп иштеген иштерине ыраазычылык билдирем сиздерге чоон рахмат абдан .жакшы болду

Саламатсыздарбы? АРИС Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун демилгеси менен Талас облусунан Нарын облусуна тажрыйба алмашуу иш-сапарында болдук!Нарын аймагындагы социалдык жана экономикалык объекттилер менен таанышып, калктын жашоо шартын жакшыртууга арналган иштерге күбө болдук! Ар бир иштин коомчулукка, элибизге тийгизген пайдасы абдан кубандырат жана сыймыкка бөлөйт!!! АРИСке жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз!!! Кыргызстан алгаааа!!!!

Саламатсыздарбы? АРИС агенттиги жана Талас облусунан АКИАсы Нарын облусуна тажрыйба алмашуу иш-сапарында болдук!Нарын аймагындагы социалдык жана экономикалык объекттилер менен таанышып келдик. АРИС агенттигинин колдоосу менен тажрыйба алмашуу иш сапарыбыз мыкты деңгелде өттү. Нарын облуснун АРИС агенттине жана Нарын элинин мейман достугуна ыраазычылык.

Тайжырба алмашуу эн мыкты денгелдее отту. Чуйдон Ысык колго барган сапар. Долбоорлор социалдык гана эмес, бизнес чойросуно жумшаган долбоорлор бар экен. Мындай тайжырба алмашуулар коп коптон боло берсин. Ариске ийгилик. Кылыч Кадырлов, Миржан Озубекова, Асель Карымшакова жана Каныбаева Саида жалпы долбоор жамаатына ыраазычылык билдиребиз. Урматтоо менен Абдыкалык кызы Жайнагул.

Саламатсыздарбы?! Биз Ысык-Көл облусуна тажрыйба алмашуу иш-сарарында б

Саламатсыздарбы!? Биз Ысык-Көл облусунда тажрыйба алмашуу иш сапарында болдук.Ал жакта АРИС агенттиги аркылуу ишке ашырылган көптөгөн экономикалык жана социалдык долбоорлор менен танышып тажрыйба алып келдик! Сапарыбыз абдан кызыктуу жана жемиштүү болду. АРИС агенттигинин жетекчилерине жана кызматкерлерине чоң ыраазычылык, элибизге, жерибизге, коомчулукка кызмат кылып алдыдагы көп деген долбоорлорду ишке ашырып жүрө бериңиздер!Сиздерге бекем денсоолук, үй бүлөлүк бакыт, ишиңизге ийгилик каалайм!

Мен, Омуркулова Асель Болотбековна Москва районунан, Ыссы-Кол облусуна АРИС проекттер боюнча тажрыйба алмашуу иш-сарарында болдум. Ал жактан ишке ашырылган экономикалык жана социалдык долбоорлор менен таанышып, тажрыйба алып келдим АРИС агенттигинин жетекчилигине, кызматкерлерине чоң ыраазычылык! Сиздерге бекем денсоолук, уйбулолук бакыт, ишиңизге ийгилик каалайм!

Урматтуу АРИС агенттигинин кызматкелери Кутман күн каалаймын. Нарын облусуна тажрыйба алмашуу максатында барып жеринин кооздугун,абасынын тазасын,меймандос элин ,иштерман элин көрүп кубандым.Баштаган ар бир долбоор ишке ашып элге кызмат кылсын.Сиздерге ден соолук , ишиңиздерге ийгилик каалаймын. Нарынга иш сапарыбыз мыкты деңгеелде өттү

Мен Кожомбердиева Анара Манас районунан Нарын облусуна тажрыйба алмашуу менен бардык.Мыкты деңгеелде өттү. Нарындын жаратылышы,эли мактоого жаралгандай экен.АРИС агентигине жана кызматкерлерге чоң рахмат,ишиңиздеге ийгилик,ден соолук каалаймын.

Саламатсыздарбы АРИС менен биргеликте Нарын облусуна болгон иш сапарда эс алуу менен тажрыйба алмашуу айкалышып Нарын жергесинин табиятынын кооздугуна суктанып, аймакта ишке ашкан экономикалык проектилер өрөөндүн мындан ары да өсүшүнө кошулуп жаткан салымдар экенин көрүп кайттык.Иш сапарды уюштуруучулар АРИСтин Нарын командасына, жетектеп барган АРИСтин Талас командасына ыраазычылык билдиребиз. Биз биргебиз,Эл үчүн кылган кызматыңыздарды ар дайым ийгиликтер коштосун!!! Сыдыкова Самара

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information